Эмне табам сени эстегенде
Көнүш керек баары кеч дегенге
Убакытты учурбайын дедим
Болбойт экен эптеп-септегенде

Кармап алып 6 кылдуу аспабымды
Ырга жазам жүрөктөгү саптарымды
Билбей жүрөм баарын кантип баштаарымды
Эмнени таштаарымды

Сен болдуң менин башкы көйгөйүм
Калбады сени жакшы көрмөйүм
Өзүңдү ойдон алып чыкпасам
Жападан-жалгыз жүрүп көнбөйүн

Сен болдуң менин башкы көйгөйүм
Калбады сени жакшы көрмөйүм
Экөөбүз - деген түшүп кемеден
Өзүмдүн арабамды жөндөйүн

Мен сени унутканда тегиз болот телегей
Жүргөндү сагынамын эч нерсени кенебей
Сен үчүн капаланган күндү кечтим ченебей
Кошподу тагдырым,экөөбүздү теңебей

Жүрөгүмө жетпегендей бир жутум аба
Көөдөнүмдө боштук,салгылашат ой-санаа
Калп эле бактылуумун,ичимде арыз муңум

Sample comments about this video

"АССАЛАМ АЛЕЙКУМ ушул комментарий окуп жаткан Адам эки дуйно Бактылуу болушун калайм 😊😊😊"

"Бул бала депрессиясынан чоон пайда тапты окшойт. Мынчалык суйбосо таланты ачылбай калат беле 😢"

"Депрессиядан жакында чыкпайт окшойт эч ким, Зарлык менен Эранын тандеми чынында мыкты болду, Зарлыктын оюн, ичиндеги айтылбаган арманын Эра таамай жеткирип жатат, Мына Прайм Эра деп ушуну баланы айтат, Алга..."

"Эмне табам сени эстегенде, Көнүш керек баары кеч дегенге, Убакытты учарбайын дедим, Болбойт экен эптеп септегенде Кармап алып алты кылдуу аспабымды Ырга жазам журөктөгү саптарымды Билбей жүрөм баарын кантип баштаарымды,нени таштарымды Кайырма; Сен болдуң менин башкы Көйгөйүм Калбады сени жакшы көрмөйүм Өзүңдү ойдон алып чыкпасам Жападан жалгыз жүрүп көнбөйүн Сен болдуң менин башкы Көйгөйүм Калбады сени жакшы көрмөйүм Экөөбүз деген,түшүп кемеден Өзүмдүн арабамды жөндөйүн. Мен сени унутканда тегиз болот телегей, Жүргөндү сагынамын эч нерсени кенебей Сен үчүн капаланган күндү кечтим ченебей, Кошподу тагдырым экөөбүздү теңебей. Жүрөгүмө жетпегендей бир жутум аба, Көөдөнүмдө боштук салгышат ой санаага Калп эле бактылуумун,ичимде арыз муңум ......... СЕН БОЛДУҢ МЕНИН БАШКЫ КӨЙГӨЙҮМ"

"Эра брат ырларындын кобу менин башыман откоргон окуяларго ,эзетко журокту 😅"

"Как будто каждая песня выходит именно в тот момент, когда я проживаю эти чувства."

"Эра дос сенин чанып таштап кеткен кыздар не болуп жатты экен а 😅🤭"

"Кудайым багын берсин. Ден соолугу чың өмүрү узун болсун.. Элдин жүрөгүнөн орун алсын. Силер. Биз сыймыктанган мырза болсун"

"Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет. Өзгөчө үн 🔥🔥🔥. Ар бир угармандын жүрөгүнөн түнөк алган ыр болот деп ойлойм. Дээрлик башталды "көйгөйүм". Мыктысың!"

"Жүрөктөгү көйгөйдү чечүүчү ыр болуптур Өнөрүңөр өркүндөй берсин, Ысыккөлдөн ысык Салам 🙌🙌👍👍👍👍👍🖐️🤣✍️🤝🌹🌹🌹🌹🌹✍️🇰🇬🇰🇬🇰🇬🙋"