Үйлөнүү той кандай сонун
Кандай сонун буйруганга
Буйрубаса не кыласың
Не кыласың айла канча
Үлпөт тоюң бүгүн сенин
Бүгүн сенин үлпөт тоюң
Бирок жарың мен эмесмин
Мен эмесмин жарың башка

Ий, кечир садага
Ай, түшүнчү мага
Бара албаймын мен тоюңа
Таарынбачы, жаным мага
Кантип чыдап олтурамын
Кантип ырдайм мен тоюңда
Түшүнчү , жаным, садага

Чакыруу кат алып келдиң
Алып келдиң бүгүн мага
Көздөрүңдөн көрүп турдум
Көрүп турдум кайгы-капа
Баргының деп сен сурандың
Сен сурандың тоюңарга
Бирок, жаным, бара албаймын
Бара албаймын мен тоюңа

Ий, кечир садага
Ай, түшүнчү мага
Бара албаймын мен тоюңа
Таарынбачы, жаным мага
Кантип чыдап олтурамын
Кантип ырдайм мен тоюңда
Түшүнчү, жаным, садага

Sample comments about this video

"Ушул ырды Нурлан Насип ырдап чыгышын күткөндөр лайктан жаадыргылыачы. Соонун жарашыптыр Нурлан байке Оштон салам ✋🏻"

"Жактырып, суйуп жашаганга не жетсин, бактылуулар коп болсун, небере кутуп турган кезибиз, бата берип коюнуздарчы"

"2026- жылы бардык жакшы максаттарга ЖЕТЕЙИН, кыялымдагыдай кызга үйлөнүп алайынчы мага ак бата бергилечи айкөл элим көптүн тилеги кабыл болот дейт🤝🤝🤝👍👍👍 бойдок кыздар бар болсо жаза кетсеңер деле болот😅😅😅"

"Журоктон чыккан соз журокко жетет дегендей журокко жетти сонун чыгыптыр .Мага окшоп толугу чыкпаса деле тик ток инстаграмдан кайра кайра уккандар барбы ?❤❤❤❤Баардык ырды журоктон ырдайтта журокко жете турган кылып 😊❤"

"Туну менен угабызго эх Нурлан мынча жагымдуу ырдайсын,,, ар бир ыры хит болотко чиркин!!!"

"Үйлөнүү той кандай сонун Кандай сонун буйруганга Буйрубаса не кыласың Не кыласың айла канча Үлпөт тоюң бүгүн сенин Бүгүн сенин үлпөт тоюң Бирок жарың мен эмесмин Мен эмесмин жарың башка Ий, кечир садага Ай, түшүнчү мага Бара албаймын мен тоюңа Таарынбачы, жаным мага Кантип чыдап олтурамын Кантип ырдайм мен тоюңда Түшүнчү , жаным, садага Чакыруу кат алып келдиң Алып келдиң бүгүн мага Көздөрүңдөн көрүп турдум Көрүп турдум кайгы-капа Баргының деп сен сурандың Сен сурандың тоюңарга Бирок, жаным, бара албаймын Бара албаймын мен тоюңа Ий, кечир садага Ай, түшүнчү мага Бара албаймын мен тоюңа Таарынбачы, жаным мага Кантип чыдап олтурамын Кантип ырдайм мен тоюңда Түшүнчү, жаным, садага"

"Баардык ырды сонун аткарат. Сонун ырдаган. Бактылуу бол сүйгөнүң менен ♥️💙"

"Бир жаралган талантсыз, любой ырды коркуно чыгара мыкты ырдайсыз, бул ырды жактырчу эмесмин, азр болсо ооруп атам бул ыр менен, бар болунуз, эки дуйно бактылуу болунуз"

"Аябай күттүкго бул чыгарманы. Ийгилик Нурланга. Баары түгөйү менен бактылуу болсун. Эч ким арман болбосун бири-бирине🤲👍"

"Бул ырды канча куттум ар кайсыл жерден кыска кыска видеолорун короберип 😂"