Дарманым жетпей басууга
Алдырып койдум ачууга
Көңүлүң ооруп калгандай
Сөздөрүм тийип катуурак
Эстеген сайын жиним келет
Түшүнбөстүк болбойт кимде эле
Таратайын таарынычыңды
Жүрөлүчү жаным бирге эле
Ойготоюн сезимдериңди
Сездим ката кетиргенимди
Каалайт элем кечиргениңди
Жаным сени сагындым,сени сагындым
Эркелегиңди,бала кылыктарыңды
Сени сагындым,сени сагындым
А сен мени унутпадыңбы?
Жалгыздыкка мени калтырба
Издей берем карап артыңдан
Сөздөр калып кетти айтылбай
Кайра жетелесем жакындап
Ошол күндөн баштап баттым кайгыга
Эсте калды дайым мүнөт айрылган
Билем жаза болду кылган айыбыма
Кетип калдың укпай эми кайрылбай
Бер мага үмүт бер
Кайра-кайра кайтып күлүп кел
Бул өмүрдүн жарык жагын ээрчип
Басалы биз колуңду сен берчи
Кел мага кайтып кел
Сүйөмүн деген сөз айтып кел
Өтөлү бирге биз баарын жеңип
Бул дүйнө мага сени менен кең
Sample comments about this video
"Ера: Жаным, сени сагындым, сени сагындым! Эркелигинди, бала кылыктарынды. Сени сагындым, сени сагындым! А сен мени унутпадынбы? Дарманым жетпей басууга, Алдырып койдум ачууга. Конулун ооруп калгандай, Создорум тийип катуурак. Эстеген сайын жиним келет, Тушунбостук болбойт кимде эле? Таратайын таарынычынды, Журолучу жаным бирге эле. Ойготоюн сезимдеринди, Сездим ката кетиргенимди. Каалайт элем кечиргенинди, Кечиргенинди. Ойготоюн сезимдеринди, Сездим ката кетиргенимди. Каалайт элем кечиргенинди, Кечиргенинди… Жаным, сени сагындым, сени сагындым! Эркелигинди, бала кылыктарынды. Сени сагындым, сени сагындым! А сен мени унутпадынбы? Бегиш: Жалгыздыкка мени калтырба, Издей берем карап артындан. Созум калып кетти айтылбай, Кайра жетелесем жакындап. Ошол кундон баштап баттым кайгыга, Эсте калдым дайым мунот айрылган. Билем жаза болду кылган айыбыма, Кетип калдын укпай эми кайрылбай. Бер мага умут бер, Кайра-кайра кайтып кулуп кел. Бул омурдун жарык жагын эрчип, Басалы биз колунду сен берчи. Кел мага кайтып кел, Суйомун деген соз айтып кел. Отолу бирге биз баарын женип, Бул дуйно мага сени менен кен. Ера: Жаным, сени сагындым, сени сагындым! Эркелигинди, бала кылыктарынды. Сени сагындым, сени сагындым! А сен мени унутпадынбы?… Ушунча аракет кылдым 1 ден лайк басып коюнуздарчы😁"
"Эрке балам, жаңы ырың кут болсун! 🎶❤️ Ар бир чыгарган ырың элдин жүрөгүнөн түнөк таап, көпчүлүктүн сүйүктүү ырына айлансын. Өнөрүң өркүндөп, талантың ташкындап, чыгармачылык жолуң ар дайым жарык болсун. Ар бир ырың сага ийгилик, жакшы адамдар, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келсин. Сахнаң бийик, үнүң бийик, жылдызың дайыма жарык болсун! ⭐️ Эл сүйгөн, сыйлаган мыкты ырчы болуп, ата-энеңдин сыймыгы болуп жүрө бер. Жаңы ырың хит болуп, ийгиликтин башаты болсун! 🤲🎤❤️"
"Ассалам алейкум ушул комментарии окуп жаткан Адам эки дуйно Бактылуу болсун"
"Аллахым кийинки жылы Ушул убакта мени туболук кылган адамымды табып бактылуу болойун …"
"Вааааййййяяяя эмне деген ыр,баарыбыз бактылуу болууга татыктуубуз,суйгог адамыбыз менен Бирге бололучу!"
"«И эта песня тоже с первого раза запала в душу ❤️ Иногда бывает так: услышишь всего один раз — и уже понимаешь, что она обязательно останется где-то глубоко внутри.»"
"Эрлан коз тийбесин,соз тийбесин.Аллахым ден соолугунду, чыгармачылык ийгиликтерди насип этсин.Ата эненди ийгиликтерин менен кубантып журо бер.Жолун дайыма ачык болсун."
"У каждой песни есть своё особенное место в глубине сердца. Иногда достаточно услышать первые ноты — и тебя уже уносит в воспоминания, чувства и моменты, которые казалось давно забыты ❤️"
"Өркүнүң өссүн,талантың ташкындай берсин,кудай өмүрүңө береке берсин,эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чыгармачылык ийгиликтериң оболой берсин,🤲баракелде!!!👍👏🌹😘"
"Билбейм бул жаш отуп баратканыбы же... Бирок акыркы 2жыл жалаң гана кыргыз тилинде ырларды угуп калдым. Биздин тил эң кооз, жана бай экендигин түшүндүм ❤ чыгармачылык ийгилик биздин таланттарга ❤ Жан дүйнөгө кирип карап чыккандай эле ыр болуптур ❤"






![TATTOO COLOUR - คาราโอเกะ | Karaoke [Music Video] - เนื้อเพลง / Lyrics](https://xloji.com/media/sarkisozlerilyrics/2026/09/tattoo-colour-karaoke-music-video-vtiqfk.jpg)
Yorumlar
Yorum yazabilmek için giriş yapmalısınız.
Bilgi: Butona tıkladığınızda xloji güvenli giriş sayfasına yonlendirileceksiniz. Giriş yaptığınızda otomatik olarak bu sayfaya geri döneceksiniz. İlk giriste hoş geldin enerjisi tanımlanır.
Yorumlar yükleniyor...